www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги укук коргоочу Качкын Булатов менен УКМКнын Жогору соттун төрайымы Гүлбара Калиевага козгогон кылмыш иши тууралуу пикир алыштык.

-Качкын байке, УКМК кечээ жакында эле сенсация кылып, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоду. Бирок, УКМКнын ал аракетин сот бийлигин кысымга алуу деп сындагандар чыкты. УКМК Жогорку соттун төайымына кылмыш ишин козгоп, аша чабуу эмеспи?

-УКМКнын Жогорку Соттун төрайымынын үстүнөн кылмыш ишин козгогону туура эле иш болду. Себеби, андан мурун соттордун айлыгын көбөйтүп, эл аралык гранттарды берсе дагы, соттор акча алгандан өйдө болгон жок. Тагыраагы, оңолуу аракетин көрүшкөн эмес. Ошон үчүн УКМК Жогорку соттун төрайымы экенине карабай Гүлбара Калиевага кылмыш ишин козгоп, тергөөгө алганын мактоого арзыган иш болду. Анткени, соттор эбак эле мыйзам ченеминен чыккан иштер менен алек болуп калган.

-Бирок, Жогорку соттун төрайымы коюлган айыптарды четке кагууга аракет кылып жатат го. Аны коргогон уюмдар   ООНго чейин кайрыла турган болушуптур. Алар Гүлбара Калиеванын   былык иштерин ачыкка чыгарбай калуунун аракетин көрүп жатышабы же аны каматпай калуунун жолун издеп жатышабы?

- Гүлбара Калиева камалбай калайын деп жан далбастап, мурда чогуу иш кылган активисттерге кайрылып, ООНго чейин маселесин көтөртүүнүн аракетин көрүп жатат. Сыягы, кылмыш иштерден кутулуунун амалын жасап жатышат окшойт. Бирок, укук коргоо органдары да анын кылмыштары болгон үчүн, факты бар үчүн кылмыш ишин козгосо керек. Алар айткандай эл аралык уюмдар берген акча үчүн эле кылмышкер кылып жатышпаса керек.

- Соттор да адилетсиз чечимдери үчүн жооп бере турган мезгил келдиби?

-Адилетсиз чечимдери үчүн сотторго кылмыш ишин козгоо башталганы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин эмгеги десек болот. Анткени, соттордун адилетсиздигине кабылгандар көп.

Соттор акчалуу адамдардын гана сөзүн сүйлөп, ошолорго ыңгайлуу чечимдерди чыгарышчу. Тагыраагы, коррупционерлер сотторду колго алып коюшкан үчүн аларды камаган чечим чыгарышчу эмес. Соттор андай кызматтары үчүн кичинекей каражат алышпайт. Чоң акчаларды алышат. Ал турсун кээ бир соттор иштеп жаткан компанияларды дагы тартып алган учурлары болгон.

Ташиевдин аракетин аягына чейин чыгарыш керек. Башкы прокуратура кошо көмөктөшүп, мыйзамсыз чечим чыгарып, пара менен иш бүткөргөн сотторду жоопко тартууга жардам бериши керек. Анткени, соттордун да өтө чоң кылмыштары бар. Буга чейин акчалуулардын акчасын алып, элдин канын соруп жүрүшкөн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости