www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев:

Баш калаанын үстүнө үйүлгөн ышты быйылкы жылы токтотууга мүмкүн эмес, ал үчүн кийинки жылы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен эмес, газ менен иштетүүгө өтүш керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 4-январда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди. 

--«Мэр кайда, премьер-министр кайда, эмнени карап жатат?» деп суроо берип, ур-токмокко албай коё тургула. Биздин келгенибизге бир айдан эле ашты. Ышты азайтыш үчүн эң ириде көмүрдүн ордуна газ жагыш керек. Эмдиги жылы Бишкек ЖЭБин жана баш калаанын 22 отказанын, мектептерди газ менен жылытууга өтөбүз. Ошондо гана ышты азайта алабыз. Бирок азыркы убакта эч нерсе кыла албайбыз. Бүгүнкү күнү ЖЭБди да, Кара-Кечеден көмүр алууну да токтото албайбыз».

Балбак Түлөбаев ыш Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жагуудан улам көбөйүп жатканын белгилеп, кийинки жылдары жаңы конуштарда да бул кендин көмүрүн жагууга тыюу салынарын билдирди.

«World Air Quality» уюмунун иликтөөсүндө 3-4-январда Бишкек шаары абанын булганышы боюнча биринчи орунга чыкты. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына 4-январга караган түнү, саат үчтө чыккан маалыматта баш калаадагы абалга кооптуу деген баа берилген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости