www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-январда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кичи автобустардын айдоочулары менен жолугушту.
«1,5 миң кичи автобус каттамга чыгат. Мен, албетте, аларды жазалай алам, бирок алар эртең жумушка чыкпаса, мен шаардыктарды ташый албай калам», - деди Түлөбаев айдоочулар менен жолугушкандан кийин.
18-19-январда айрым кичи автобустар каттамга чыккан эмес. Себеби айдоочулар жол киренин акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылып жатышат.
«Мен 150 автобус жана троллейбус менен элди кантип ташыйм? Тескеринче аларга (кичи автобустардын айдоочуларына) рахмат айтышыбыз керек. Муниципалдык транспортко биз дотация (кошумча каражат), айлык төлөйбүз, ал эми кичи автобустарга эч нерсе төлөбөйбүз», - деди Түлөбаев.
Ал жүргүнчүлөрдү ташыган компанияларга кайрылганын айтты.
«Эгерде эртең каттамга чыкпасаңар, анда мен шаардагы бардык кичи автобустарды топтоп, шаар тургундарын ташыйм. Бул коркутуу эмес. Мен тургундарды бир нерсе кылып ташышым керек. Мен аскерлерге, жеке фирмаларга кайрылам», - деди Түлөбаев.
Булак: NazarNews.kg