www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты.

Таанышуу жүрүшүндө вице-премьер-министр билдиргендей, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы туруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишти өркүндөтүү зарыл.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттешүү жана ишти координациялоо деңгээлин жогорулатуу зарыл, алар Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органдары тарабынан жөнөтүлгөн материалдарды жетишсиз деңгээлде пайдаланууда.

Мамытканов бир жумалык мөөнөттө террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы туруу жаатындагы ишти жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды, мында өлкө экономикасын колдоого жана кызматтын ишине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө негизги басым жасоо зарыл.

«Финансылык мониторингдин жаңы механизмдерин ишке киргизүү жана ведомство ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну эске алуу менен жаңы баскычка өтүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого колдон келген көмөгүн көрсөтүүгө даяр», - деп билдирди Максат Мамытканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости