www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын 50 чакты тургуну бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын алдына пикетке чыгышты.

Алар шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин Көк-Жар айылындагы айдоо жерлерин мыйзамсыз басып алуу тууралуу айткандарына каршы чыгып жатышат.

Айыл тургундары Бишкек шаарына караштуу эмес жерге Түлөбаевдин кийлигишүүсү туура эмес дешүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев шаар менен чектешкен Аламүдүн районунун айрым жер тилкелеринде шаардын инфратүзүмүнө тоскоол болгон мыйзамсыз курулуштар, соода жайлары курулуп кеткенин түз эфирде көрсөткөн.

Пикетке чыккандардын ичинен эки адам мэрия менен сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Аламүдүн районунун айрым айылдары Бишкек менен чектеш жайгашкан. Алардын ичинде Көк-Жар, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка айылдары бар.

Бул айылдардагы айдоо жерлери менен жол жээгиндеги тилкелер талаш болуп келет. 

Алардын айтымында, жакында эле аларга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев барып, Аламүдүн районуна көп кабаттуу имарат сала турганын айткан.

«Ата-энелерибизге жер тилкелери берилген, аны 2005-2006-жылдары бирөөлөр кайра сатып алышкан. Садыр Жапаров бизге жардам берүүгө убада берди. Балбак Түлөбаев келип президентке каршы сүйлөп жатат. Биз Чүй облусуна таандыкпыз», - деп билдиришти митингчилер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости