www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости