www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча Өкмөт үйүнүн алдында митинг өттү

Бүгүн, 8-январда «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү премьер-министр Улукбек Мариповдун Төрт-Гүл суу сактагычы боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүсүн талап кылып, Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты.

Алар Кайырма, Ак-Суу каналдары, «головной» суу бөлүштүргүчү жана Төрт-Гүл суу сактагычы Кыргызстанга карай турганын айтышууда.

Митингдин катышуучулары Мариповдун кечээ, 7-февралдагы видео кайрылуусу жетишсиз жана түшүнүксүз экендигин билдиришип, толук түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, өкмөт үйүнүн алдында Өкмөт башчынын чыгуусун күтүшүүдө.

Мындан сырткары Төрт-Гүл боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттык комиссия түзүлүшүн да талап кылыша тургандыгын билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров бул маселе жакынкы күндөрдө парламенттин жалпы жыйынында карала тургандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости