www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15-июль күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Курулуштун демилгеси Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан көтөрүлүп, демилге мэриянын жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.

Бул имаратты курууга 400 миң сом акча каражаты каражат каралса, анын 70 миң сомун Балыкчы шаарынын мэриясы бөлүп берген. Автобекетке жакын жайгашкан комплекстүү имаратта милициянын аймактык таяныч пункту жана КААБ жайгашкан.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев, Балыкчы шаарынын вице-мэри Азиз Асаналиев, шаардык милициянын жетекчилиги жана өздүк курамы жана башка чакырылган коноктор катышты. 

Бул борбордо тыгыз иштөөгө жана калкты тейлөө сапатын жакшыртууга бардык шарттар түзүлгөн. Милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү, аксакалдар сотунун, жаштар жана аялдар кеңештеринин төрагалары, төрайымдары, жумуш орундары, керектүү эмеректер жана кеңсе жабдуулар менен камсыздалган.

КААБды ачуунун негизги максаты - калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин арттырууга багытталган. Борбордун иши бекитилген график боюнча ишке ашырылат.

Тактап айтканда, жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын кабыл алуу, каттоо, жергиликтүү калкка көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү, укук бузуулардын алдын алууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү жолугушууларын уюштуру болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости