www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОго мүчө боло элек постсоветтик өлкөлөр Түндүк Атлантикалык альянска (НАТО) кабыл алынбайт, деп америкалык сенатор Рэнд Пол божомолдоду. Бул тууралуу American Conservative журналы жазды.

"Биз мындан ары эмоционалдык жана саясий пайда үчүн куру убадаларды бербейбиз. НАТОнун кеңейүүсүн талкуулаганда, бизге Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөр альянска кабыл алынбай турганын ачык айтуулары керек”, - деп жазган Пол 14-июлдагы макаласында.

Орусия Финляндияда кээ бир курал-жарак системаларын жайгаштырууга чыдабайт жана Донбасста орусиялык атайын операция башталганга чейин эле НАТОнун чыгышка кеңейүүсүнө каршы болгонун баса белгиледи. Анын пикиринде, бул Орусиянын керексиз провокациясы болгон.

Сенатор ошондой эле, Украина НАТОго кабыл алынса Москванын жооп кайтаруу боюнча эскертүүлөрүн эске салды. Альянска кирген жана мурда СССРдин курамында болгон мамлекеттердин арасында Латвия, Литва жана Эстония бар. Алар 2004-жылы НАТОнун бешинчи кеңейишинен кийин аскерий блокко кошулушкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости