www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы кризис күчөгөндөн бери АКШ Евробиримдикти (ЕБ) Орусияга көп сандаган санкцияларды киргизүүгө үндөп, ал эми европалык өнөктөштөрдөн азыраак зыян тартып келүүдө. Вашингтондун алдоосун журналист Сыци Цао Global Times гезитине жазган макаласында билдирген.

«Өнөр жай жана энергетика тармагында Москва менен тыгыз байланышта болгон Евробиримдик карапайым элдин өндүрүшүнө жана жашоосуна таасир эткен эң оор кесепеттерге дуушар болууда», - деп белгилейт автор.

Кытайдын Жэньмин университетинин Эл аралык мамилелер институтунун директору Ивэй Вандын айтымында, Евробиримдик Орусияга каршы барган сайын жаңы санкцияларды киргизүү менен АКШга «алданып калдыбы» деп ойлоно баштады.

Кытай Эл аралык Изилдөө Институтунун Европа департаментинин директору Хунцзян Цуй Евробиримдиктин жетинчи санкциялар пакети «негизинен символикалык» болушу мүмкүн, анткени анын мүчөлөрү көп маселелер боюнча бир пикирге келе алышпайт деп билдирди.

Эске салсак, буга чейин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан санкциялар саясаты Европа өлкөлөрүнүн үмүтүн актаган жок жана Украинадагы жаңжалды токтотпой турганын билдирген.

Мындан тышкары, алар Евробиримдик өлкөлөрү күткөндөй Орусияны токтоткон жок, тескерисинче, тескери натыйжа берди – Европа түз мааниде өзүн-өзү өлтүрүп жатат, деп баса белгиледи саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости