www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наркоман Айсултан Назарбаевдин таятасы Нурсултан Назарбаевге  казак мусулмандарынын жол башчысы «Кудай» деген жогорку наам берип, Конституцияга жазып бекемдеш керек деп чөгөлөп турат. Менимче бул Жогорку муфтий сөрөй шариатты көп жакшы билбесе керек, шариатты билген мусулман болсо, Куранда жазылган кудай жалгыз ал төрөлгөн эмес, ал төрөгөн да эмес. Мухаммед пайгамбардан соң ааламды солкулдаткан нечендеген падышалар болгон, бир да бири өздөрүн кудай таанып, мыйзам менен бекемдеген эмес. Ар бир сектада өздөрүн кудай сезген дамбылдалар бар. Мындай дамбылдалар иш жүзүндө көп эле болуп келген. Ар бир агымдын, ар бир сектанын башчысы өзүн кудай сезет. Ал эмес өзүнүн аймагында же бир көрүстөндө өзүн кудай сезген дубаналар өткөн. Эми Нурсултан Назарбаевди кудай дейли десек кудай эмес, думана дейли десек думана эмес.

Өткөн жылы өзүн «кудай» деп Конституцияга жаздырган жаткан Нурсултан Назарбаевдин небереси баңгиликтин кулу болуп, өзүн токтото албай жарыкчылык менен кош айтышкан. Назарбаев Айсултан Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Анын атасы Рахат Алиев кайынатасы Нурсултан Назарбаевден куугунтук жеп Европа жок кылынган. Назарбаев Айсултан 26-августта 30 жашка толмок. Анын энеси Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берген, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган.

Назарбаев Айсултан 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган. Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү жөнүндө «Хабар» телеканалы менен ой бөлүшкөн.

«Сара экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык. Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм. Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал баңгиликтин кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык.

Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, «эмне алып келдиң» деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм. Ушундай учурларда сен баарын унутасың», – дейт өзүн «кудай» деп Конституцияга жаздырган жаткан тунгуч президент.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости