www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык кеңешмеде Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкты. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, азыр элден түшкөн сунуш-пикирлерди чогултуп, бир системага салуу иши жүрүп жатат. Юрист жана лингвист адистерден турган эксперттик топ түзүлдү.

Бөрүбашев белгилегендей, баштапкы вариант Жогорку Кеңеш иштеп чыккан редакциянын концепциясына дал келет:

“Биринчи вариантын жаздык. Долбоорду бир сыйра иштеп чыктык. Биринчи вариантын. Негизги концепциясын өзгөртпөйбүз. Ошонун негизинде алымча-кошумча берип жатабыз. Азыр ошонун үстүндө иштөөдөбүз”.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын 98 мүчөсү бар. 

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости