www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган жаңы долбоорунда сөз эркиндиги боюнча укуктук ченемдер бир топ күчөтүлдү. Бул тууралуу 30-ноябрда долбоорду талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында адам укуктары жана эркиндиктери боюнча секциянын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, «адамдын ар-намысына шек келтирген маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) тараткандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылбайт» деген императивдик норма секцияда бир күн талкууланып, натыйжада бир добуштан кабыл алынды.

«Эгер бир тарап анын ар-намысына шек келтирилди деп ойлосо ал жарандык-укуктук инструментарий аркылуу жоопко тартып, доо арыз менен сотко кайрылса болот. Бирок ЖМКда маалымат тараткандыгы үчүн жарандар кылмыш жообуна тартылбашы керек деген бекем ойдобуз. Албетте, адамдын ар-намысына шек келтирген маалымат ЖМК аркылуу таратылбаган болсо же түздөн-түз шек келтирилген болсо, ал мыйзам тартибинде каралат. Бул жерде ЖМКда деп так даана көрсөтүлгөн. ЖМК өнүккөн, социалдык түйүндөр өнүккөн заманда көптөгөн адамдар кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн. Ал өзүнүн оюн ЖМКда эркин билдиргени үчүн кылмыш жообуна тартылбашы керек. Эгер нааразы болсо жарандык-укуктук тартипте сотко кайрыла алат», - деди ал.

Белгилей кетсек, жаңы долбоордун 27-беренесинде «адамдын ар-намысына шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деп жазылган. Бул норма Конституциялык кеңешменин укук секциясында четке кагылганы 27-ноябрда белгилүү болгон.

Конституциялык кеңешменин айрым мүчөлөрү адам укуктары боюнча секциянын мындай чечимине макул болбой, эгер андай норма жок кылынса каралоо күчөй турганын айтышты.

«Акыл эс, рух, ыйман» коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев: «Анда коомдо бири-биринин ар-намысына шек келтирген окуялар аябай күчөйт. Ушак-айың, жамандоо сөзсүз болот. Муну бирөөнүн буйругу менен жасадыңыздарбы?» деп суроо узатып, Шериповдон төмөнкүдөй жооп алды:

«Эч кимдин тапшырмасы боюнча иштеген жокпуз. Биз адам укуктарынын жана эркиндигинин концепциясын гана негиз туттук. Кыргызстандагы 30 жылдан берки адам укуктарын коргоо тажрыйбасын эске алдык. Биздин пикирде, адам укуктарынын жана эркиндигинин эң негизги элементтеринин бири – бул сөз эркиндиги. Бул норма сөз эркиндигин коргоого абдан жардам берет».

Эске салсак, 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости