www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого кол чогултуунун тартиби

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер тарабынан 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун топтоо кандай тартип менен өтөрү жөнүндө маалымат берди.

Конституциянын 62-беренесинин 2-пунктунун жана «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз өлкөсүнүн конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, мында сунуш кылынган колдор 60 миң шайлоочунун колунан ашпоого тийиш.

Ошондой эле мыйзамга ылайык,

- шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.

- шайлоочу байланыш телефонун ѳз калоосу боюнча кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

- шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү максатында кол коюлган барактарды алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ шайлоочуга телефон чалып, маалыматтарды тактоого укуктуу.

- эгерде шайлоочу жазылып жаткан маалыматтар кол коюу барагынын тийиштүү графасына батпай жаткан учурда, шайлоочу аларды тѳмѳнкү графага түшүрүүгѳ укуктуу, мында кийинки шайлоочу ѳзүнүн маалыматтарын анын алдына жазууга тийиш.

- эгерде кол коюу барактарын текшерген учурда Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна бир эле талапкерди колдогон бир эле адамдын бир нече колу байкалса, бир гана кол тамга анык деп эсептелинет, калган кол тамгалар анык эмес деп таанылат.

- президентке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары мыйзамдарда белгиленген эсептик кѳрсѳткүчтүн он миң эсе ѳлчѳмүндѳ шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтер менен бирге ыйгарым укуктуу ѳкүл тарабынан шайлоо күнүнѳ чейин 37 календарлык күндѳн кеч эмес, башкача айтканда, 2020-жылдын 3-декабрь күнү саат 24:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости