www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Индияны эмнеге айыптоодо?

Кытайлык окумуштуулар коронавирустун жаңы SARS-CoV-2 түрү 2019-жылы Индияда пайда болгон деп божомолдоп жатышат. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

«Вирус аба ырайы ысык жана кургакчылык болгон өлкөлөрдө жаныбарлар менен адамдар бир сууну ичкендиктен, оору жаныбардан адамга жуккан», - дешет адистер. Италия, Чехия, Австралия, Америка коронавирус пайда болушу мүмкүн делген өлкөлөрдүн катарына кирет.

«Изилдөөгө ылайык, 2019-жылдын аягында Ухань шаарында жайылган вирус «оригинал» эмес», - деп билдиришти кытайлык адистер. Бирок Глазго шаарынын окумуштуулары кесиптештеринин бул ишин сынга алып, айтылган ойдун так эмес экендигин белгилеген.

Эске салсак, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адан Гебреиесус коронавирусту жуктуруунун биринчи булагын издөө иштерин Кытайдын Ухань шаарынан баштоо керектигин билдирген. Ошол эле учурда, уюм коронавирустун Европада жаныбарлар аркылуу жайылышы тууралуу имиштерге ишенбөөгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости