www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков менен Стамбул шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нури Аслан менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү келечеги, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Түркия Республикасында мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан маселелер талкууланды.
Башкы консул Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институционалдык реформалар тууралуу маалымдап, ошондой эле КР жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жөнөкөйлөтүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирип, алардын мыйзамдуу жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Стамбул шаарынын мэринин м.а. Н.Аслан Башкы консул Ч.Токтобековду КРнын Жогорку Кеңешине болуп өткөн парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык өнүгүү деңгээли боюнча жогорку орундардын бирин ээлээрин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин тастыкташты.