www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын полковниги А.Р. Козукеевдин демилгеси менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө багытталган «Жол эрежесин сактоо – адам өмүрүнүн кепилдиги» аттуу бир айлык атайын профилактикалык иш-чара жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын негизги көйгөйү — айдоочулардын айдоочулук маданиятынын жетишсиздиги. Жолдо башка айдоочуларга карата сабырдуулуктун, өз ара сый-урматтын жоктугу жана өзүн башкалардан жогору коюу көрүнүштөрү жол кырсыктарынын көбөйүшүнө түздөн-түз себеп болууда.

Урматтуу айдоочулар! Жолдо бири-бириңиздерге сабырдуу, маданияттуу жана сый-урмат менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол эрежелерин так сактоо — адам өмүрүнүн коопсуздугунун негизги кепилдиги.

Последние новости