www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри  Мирбек Мамбеталиев “Wool.Kg” ЖЧКсынын жүн иштеткен өндүрүштүк ишканасында болду. Сапардын алкагында министр ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси жана колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты.

Аталган ишкана ак жана кара жүндү жергиликтүү дыйкандардан сатып алып, аны кайра иштетүү аркылуу улуттук кийимдерди, жууркан-төшөктөрдү, ошондой эле кийизден жасалган ар кандай буюмдарды өндүрөт. Даяр продукциялар ички рынокко чыгарылып, мындан тышкары чет мамлекеттерге экспорттолот.

Ишкананын жетекчиcи жүндү кайра иштетүү аркылуу айыл жергесинде мал чарбачылыгы менен алектенген жарандардын кирешесин көбөйтүү, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү негизги максат экенин белгиледи. 

Министрдин айтымында “Wool.Kg” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын белгилеп, бул ишкана Кыргызстандагы улуттук өнөр-жайларды сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле экологиялык таза жана туруктуу өнөр жайды курууга өбөлгө түзөт.

Последние новости