www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

117 социалдык объект узак мөөнөттөн бери курулууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, прокурордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бүгүнкү күндө Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагында 492 социалдык объекти курулуп жатканы аныкталган.

«Алардын ичинен 117 объект узак мөөнөттөн бери курулуп жатат. Булар 83 мектеп, 12 бала бакча, 7 саламаттыкты сактоо, 11 маданият жана спорт объектилери жана башка 4 объект. Алардын айрымдарында 2000-жылы курулуш иштери башталган.

Эгерде курулуп жаткан 492 социалдык объектинин курулушун аяктоо үчүн баштапкы сметалык баасы 17 миллиард 378 миллион сом болсо, учурда алдын ала эсептөөлөр боюнча бул объектилерди бүткөрүүнүн сметалык баасы 23 миллиард сомдон ашык, же кошумча каржылоо 5 млрд 873 млн сом керектелет», - дейт Мирлан Майтпасов.

Мамкурулуштун Архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда республикада мыйзамсыз курулган 78 объект бар: Бишкекте – 36, Ошто – 24, Жалал-Абад облусунда – 15, Чүйдө – 3. Негизинен булар көп кабаттуу турак-жай имараттары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости