www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баскынчылыкты Кулов да жактырбайт

Кантсе да баары бир Феликс Куловдун өз көз карашы бар экен. Маселен, КСДПны талашып, басып алуучулук менен колуна алууну самаган Абдракмановчуларга ал түз эле мындай дептир: - “Мындай жорукту жасагандардын баары бир туура эмес иш кылганын коомчулук сезет. Негизи бул абдан тескери кадам болот”. Капталдан чыга калган партиянын программасы да таасирдүү эместигине баам салыптыр.

Чынында эле зомбулукка салып партияны бөлүп-жаруунун өзү жакшы жышаанга жатпайт. Адилет министрлиги ушуну көрүп туруп каттоодон өткөрүп берсе “сокурдугун” айгинелейт. Партиянын лидерлери негедир оозуна кум салып алгансып тунжурашат. Анан башына келгенде түштөн кийин кыйкырып чыкканда кеч болуп калат.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости