www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылы Убактылуу Өкмөт үчүн жанын калкан кылып ошол мезгилде “Бакиевдердин пачагын чыгарам” деген ак көңүл, жакшы инсан жакында эле эркиндикке чыккан саясатчы Бектур Асанов менен маек курдук.
--Мындан кийинки саясатка болгон кадамыңыз кандай болот?
--Биз буга чейин деле саясатта болгонбуз, азыр да уланта беребиз. Абакта олтурганда да саясат токтогон жок. 2005-жылы Бакиевди алып келгенде гүлдөгөн заман болот деп ойлогон элек. Тилекке каршы андай болбоду. Андан бери канча жылдар өткөнү менен мамлекетибизде болгон өзгөрүүнү көрө алган жокмун. Бирок биз, мындан кийинки саясатка болгон кадамыбызды дагы уланта беребиз. Саясий күрөшүүбүз токтобойт.
--2010-жылы бийликти алып келгениңизге өкүнүү болгон жокпу?
--Менде башында 2011-2012-жылдары өкүнүү болгон, кайдан ушуларга кошулуп жүрдүм экен деп ойлонуп жүрчүмүн. Бирок, убакыт өткөндөн кийин туура иш кылдым деп ынанып атам.
--Эмнеге, Атамбаев “пачагыңызды” чыгарып камап койду го...
--Бул албетте саясат...
-- Саясий жактан нокоткон Атамбаевге көрсөңүз эмне дейт элеңиз?
--Көрсөм айтмакмын: кылган кылмышы үчүн толугу менен мыйзам алдында жооп берип, жазасын тартышы керек деп.
--Атамбаевге капа эмессизби?
--Жок, капа эмесмин.
--Саясатчылар саясий күрөшкө тойбойбу?
--Саясий күрөш бул туура түшүнүү менен мыйзам чегиндеги демократиялык күрөш. Саясий топтор, прогресс сүргүчтөр, коомдор жана бийликке кирген күчтөр саясий күрөштө биригип катуу аракет кылышыбыз керек. Мисалы, коррупцияга болгон күрөштү айта турган болсом ага президент баш болуп биригип күрөшсөк, коррупция төмөн деңгээлге түшөт. Ошол эле учурда ийгиликке жетиш үчүн көрөгөч гана болуш керек.
--Рахмат.
Албетте саясат өзү жолу менен бирок, саясатта чыныгы достук өтө аз болгону өкүнүчтүү. Алсак мурдагы президент бир топ чыгаан саясатчыларды темир торго тыгып, өлкөнү өзү каалагандай башкарган. Албетте ал киши дагы чоң жаңылыштык кетирип, душмандын санын көбөйттү. Көптөгөн саясатчылардын бир нечесин белин бекчейтип, көзүн чекчейтип койду. Тилекке каршы азыр Алмазбек Атамбаевдин жанындагы дагы ишенимдүү достору көбү кол шилтеп кетип калды. Так ушундай мамиле мындан ары улантылбайт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан саясатчылар, командасына кошкондо чыныгы сатпаган-сатылбаган саясатчыны гана тандашы керек...бирок эч качан андай болбойт Сүмбүлдөр ага жол бербейт...
Булак: NazarNews.kg