www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда “мокок балталардын” таландысында калган Алмазбек Атамбаевдин абалы анчалык жаман эмес. Мындай тепкилөөнү эчен ирет башынан өткөргөн адам кайратынан тайып “эски досторуна” багынып бере тургандай сыпаттамага жете элек. Тескерисинче анын тегерегине бакубаттуу, илинчеги жок таза адамдар топтоло баштады. Форумдун айланасына саресеп салгандар бул кептин аныгына көзү жетет.  Антсе да жан бактылардын кыймыл-аракеттери үзүл-кесил жүрүп жатканы алаканга салгандай байкалып калды.

Баса, учурда Евроазия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов атайын Кой-Ташка барып Алмазбек Атамбаевге жолугуп, далайга чейин кеп кызытышты. Чамасы орус падышасынын салам-дубайын айтууга барып, өзү да акыбал сурашууга ниеттенсе керек. Кантсе да сегиз жылда эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү иштерди чогуу-чаран чечишпеди беле? Анан калса  ысык мамилени улантышкандарда сүйлөшө турган тема көп эмеспи.

Раиса Атамбаева болсо уулу Кадыр менен өзбекстандын биринчи айымынын кадырлуу коногу катары сыйын  көрдү. Бүгүн кечинде Бишкекке учуп келери да маалымдалган.  Эмнеси болсо да Атамбаевдин барк-баасы жогору экен. Болгону өзүбүздүн ичибизден ириткендер чыгып жатканы өкүнүчтүү...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости