www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда аялыны мас абалында мыкаачылык менен өлтүргөн. Баткен райондук соту аялын өлтүргөндүгү үчүн Ш.С.га карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кечээ, 8- сентябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 2-январында мас абалында Баткен шаарынын тургуну үйүндө аялын өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген.
2020-жылдын 1-июнда сот аны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.
Булак: NazarNews.kg