www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районунда чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу 8-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Аксы районунун Таза-Суу жергесинде чек арачылар «Хундай Портер» үлгүсүндөгү машиненин жанынан Өзбекстанга айдап өтүүгө даярдалган беш баш бодо малды табышкан. Чек арачылар малды кайтарып алышты.

7-сентябрь күнү болсо Аксы районунун дагы башка тилкесинде «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Анын айдоочусу 10 баш малды Өзбекстандын аймагына айдап өтүүгө аракет кылган.

Эки учурда тең малды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет жасалган.

Учурда аталган фактыларды Ички иштер министрилиги териштирип жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости