www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл мамлекеттик бюджеттен 20,4 млрд. сом карыз төлөөгө сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлады. 

Маалыматка караганда, бюджеттен бөлүнгөн  20,4 млрд  сомдун ичинен 14 млрд. 794,6 млн. сом негизги карызга, пайыздарды төлөөгө 5 млрд. 245, 8 млн. сом жумшалды.

Сырткы карызды төлөөгө 8 млрд. 852,1 млн. сом, ал эми ички карызды жабууга 11 млрд. 188,3 млн. сом бөлүнгөн.

Финансы министрлигинин ,билдирүүсүнө караганда, 30-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен 4 млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Белгией кетсек, июль айында мамлекеттин карызы 50,09 млн. долларга көбөйдү. 2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 599,47 млн. (371 млрд. 683,52 млн. сом) доллар болчу.

Июль айынын аягындагы көрсөткүч боюнча мамлекеттин карызы ички дүң продукциянын (ИДП) 63,49% түздү.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - 1 млрд. 861,00 млн. доллар (44,7%) көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. 1 млрд. 776,29 млн. доллар (42,6%) Кытайдын Эксимбанкына карыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости