www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телевизордон муздаткычка, кондиционерден уюлдук телефонго чейин... Технология дегенде эле ойго биринчи келген компаниялардын бири Самсунг болсо керек. Көпчүлүк Самсунгду Apple, Facebook, Microsoft, Google жана Amazon сыяктуу технологиянын гиганттары аталган компаниялардын катарында көрөт. Ошентсе да, азыркы ийгиликке жетүү үчүн Самсунг түрдүү кыйын жолду басып өткөн.

1938-жылы Ли Бён Чхоль Кореяда азык-түлүк экспорттоочу фирма курууну пландайт. Андан соң, Кытайга кургатылган балык, ун, жашылча сыяктуу азыктарды экспорттой баштайт. Фирманы кеңейтүүнү каалаган Ли, бир эле азык-түлүк эмес башка тармактарды да өнүктүрүүнү көздөйт. Ошентип, 1950-60 жылдарда Самсунг камсыздандыруу жана текстиль  секторлоруна кирет.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/740m3f.jpg

Кийинчерээк телевизор өндүрүү иши кошулуп, алгачкы ак-кара телевизор 1970-жылы сатууга коюлган. Ошол эле жылы микротолкун, муздаткыч жана кир жуучу машина чыгара баштайт. Өндүрүштү кеңейтүүнү адатка айланткан компания нефтехимиялык тармактан тартып көп жагынан өнүгүүнү уланта берген.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/hh20vm.png

Компанияга байланышкан бир уламышка ылайык Самсунг чыгарган биринчи уюлдук телефон 1995-жылы сатыкка чыкканда иштечү эмес. Муну уккан ошол кездеги компаниянын башчысы Кун Хи Ли фабрикага барып, ал жердеги бардык өндүрүмдөрдү өрттөп салган.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/didlpu.jpg

Кун Ли Хинин реакциясынан соң уюлдук телефон ишине олуттуу мамиле жасаган Самсунг, интернетке туташуучу телефонду 1999-жылы сатыкка чыгарат.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/41fn7h.jpg

 

2000-жылдары HD телевизорлорун өндүрө баштаган Самсунг, учурдун эң мыкты HD телевизор өндүрүүчүсү болуп саналат.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/gvvgb0.jpg

2010-жылы Мобилдик дүйнө конгрессинде алгачкы андроид телефону аталган Galaxy Sти тааныткан.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/zb878k.jpg

2013-жылы болсо,  уюлдук телевизор CESтин бет ачаарын кылды.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/iradgd.jpg

Ал эми учурда маркетинг тармагындагы ийгилиги жана өндүрүмүнүн сапаттуулугу менен Самсунг бир нече атаандашынан алдыда турат. Компания Galaxy Note 7'лердин жарылышы боюнча көйгөйлөргө дуушар болгонуна карабастан кайра калыбына келип, өнүгүү жолунда.

https://d3ggfanra814yd.cloudfront.net/wp-content/images/post/user-11/r0iui7.jpg

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости