www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Баткен облусуна чектеш жайгашкан коңшу өлкөлөр менен территориясын тактоодо жыл сайын бир канча ирет пикир келишпестиктер болуп келет. Суваналиев, Разаков, Шадиев сыяктуу губернатор сөрөйлөр кыргыз элинин кызыкчылыгына эмес, тажиктердин кызыкчылыгы үчүн ойногондорун фактылар менен келтирсе болот. Мындан улам Баткен облусуна өзгөчө макам берүү керек. Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал -майору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялап бир топ ызы-чуу болгон. Тажик генералынын айткан сөзү эмнеден кабар берет?
Тажик жетекчилери Баткенди өз жери эсептешет экен, кыргыз жетекчилеричи? Акыркы мезгилде кесме жыттанган губернаторлор Суваналиев, Разаков, Шадиев сыяктуулар гана башкарып жүрүшүп, Баткен куйругун кескен кескелдирикке окшоп баратат. Кескелдириктерди таш менен уруп “кес куйругуңду” десе куйругун кесе качышат. Губернатор Аскар Шадиев кескелдириктин накта өзүнө айланып, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген. Баткендин жерин кесип берген Жеңиш Разаков губернатор болуп турганда көп маселелер туура эмес жакка чечилген. Ошондой эле, анын убагында Көк-Таш айылында дагы ызы-чуу иштер болуп кетти. Суваналиев болсо элдин камын эмес, өз капчыгын толтуруу үчүн быйыл болгон чыр-чатакты басып коюнун ордуна Тажикстанга бийликтен уруксаты жок кирип кетип 3 күн жоголгон.Ал жакта губернаторго суутуп коюптурбу?
Албетте, тажик «шишкаларынын» айткандары жакшылыктын, ынтымактуу кошуналыктын белгиси эмес болчу. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң жетекчинин мындай чагымчылык сөзү жөн жерден айтылган жок деген сөздөр жөн эмес деген ойлорго негиз бар. Албетте, бул кошуна мамлекеттин башчысынын айткан жакшы кошуналык мамиле, меймандостук, ынтымак деген сөздөрүң, биздин мамлекет башчыбыз менен өз ара сүйлөшүүлөрүн маанисин төгүндөйт деген ойлорго негиз берген. Ошондуктан бул окуяга кошуна мамлекеттин бийлиги сөзсүз реакция кылып, чара көрүлүүсү керек эле. Эгер андай болбосо, анда Тажикстан бийлиги сөздө бирди айтып, чынында койнунда котур ташы бар дегенге толук негиз болот. Эмне эле болуп жатышат” деп, сырткы күчтөр да ынтызар болуп кулактарын түрүп турушту. Айтор, кырдаал оорлоп бараткан. Элибизге дагы бир тополоңдун кереги жок эле. Ошондуктан өлкө келечегин ойлогон аксакалдар, жоопкерчиликтүү саясатчылар өлкөдөгү кырдаалга оор басырыктуу мамиле кылып, кызуу кандуулукка алдырып жаткандарды сабырдуулукка чакырып, өлкө башчысына кол кабыш кылышып, мамлекетибиздеги туруктуулукту сактап калууга салымдарын кошушу керек эле. Азыр саясый туруктуулук аба менен суудай керек кез. Президент Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен байма-бай жолугушуп эки мамлекетти стабилдүүлүккө чакырып жатканы, ошону менен катар Ооганстанда бийликтин талибандардын колуна өтүшү элибиздин келечеги үчүн эки мамлекет ортосунда тынчтык болуп туруусун шарттайт. Президенттин Баткен аймагына барып жатканы да жөн жерден эмес.
Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөн гана бийликтин «пиар-ходу» болуп калбашы үчүн, бир канча багытта негиздүү иштерди алып барышы керек:
Биринчи багыт — чек араны бекемдөө. Ал жакта чийимдерди чийип, керек болсо зым тартканга чейин баруу керек. Ошол эле мезгилде Баткен облусунун губернатору министрдин статусу катарында Өкмөттүн курамында болуп, чечим кабыл алууга түздөн-түз таасир берип, реалдуу күчкө ээ болушу керек. Андан сырткары чек арадагы аскер күчтөрүнүн санын көбөйтүп, ошол жактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу керек. Эл өзүн коопсуз сезе албагандыктан, ар дайым чыр чыкканда, дүрбөлөңгө түшөт.
Экинчи багыт — социалдык көйгөйлөрдү чечүү. Бул үчүн бюджеттен кепилдик берилген акча каралып, ошонун негизинде жергиликтүү калк үчүн жол, таза суу, сугат суу, бала бакча, мектеп, ФАП, оорукана сыяктуу маселелерди чечип, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керек.
Үчүнчү багыт — бизнес тармагы. Өлкөдөгү башка облустарга салыштырмалуу Баткен облусунда ички жана сырткы миграция алдыңкы орунда турат. Ошондуктан чек арага жакынкы аймакта эл канчалык жыш жайгашса, чек аранын бекем болушун шарттайт. Ошол жерлерди эл өздөштүрүп, жашоо үчүн жумуш орундарын түзүү керек. Жумуш орундары — бүгүнкү күндө ишкердик, бизнес чөйрөсү. Ошондуктан облуска өзгөчө макам берип жатканда, ошол жерге эркин экономикалык аймактарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү берүү керек. Ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү насыялар же салыктан бошотуу сыяктуу ченемдер киргизилиши керек.
Өкмөт 30 жылдан бери келе жаткан чек ара маселесин чечүү убакытты талап кыла турганын айтып келет. Баткендеги чек ара чырынын чыгуусуна көбүнчө такталбаган аймактардагы курулуштар, жол талашуу, суу пайдалануу жана жайыт маселеси себеп болот. Чыр-чатак кыргыз-тажик айылдарынын тургундарынын ортосунда таш ыргытуу менен башталып, чек ара кызматы асманга ок атуу менен тынчытып, кырдаалды жайгаруу үчүн эки тараптын расмийлеринин сүйлөшүүлөрү менен аяктап келет.
Баарыбызга белгилүү болдгондой Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет. Ал эми эки өлкө менен көп жылдан бери чек ара маселеси чечилбей келе жатат. Алар Тажикстан жана Өзбекстан. Буга эл дагы, бийлик өкүлдөрү бирдей аракет кылуу зарыл. Чек ара маселеси айрыкча жазында козголуп келет. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Ак-Сай айылынын чыгышындагы аймагында маселе жаралып жатат. Ак-Сайдын 40 гектар жайыт жерибиз талашка түшүүдө. Сүйлөшүү жана мыйзамдуу жолу менен чечилиши керек. Андыктан бир метр жер дагы башка мамлекетке берилбесин. 30 жылдан бери чек ара боюнча саясатыбыз жакшы жыйынтык бербептир. Иш алып баруулар туура эмес жүргөнү бүгүнкү күндө билинип калды. Баткенде негизги көйгөй чек ара маселеси. Бул боюнча жаңы губернатор чечкенге аракет кылаарын айтты. Буюрса жакшы жагынан чечилип калсын. Биздин өлкөдө жашап турган тажик туугандар бизге шарт койгону абдан өкүнүчтүү. Буга чейин жалпы 40 гектар жайыт жерди элибиз пайдаланып келген. Бирок аны тажиктер жерди менчиктеп алгандай мамиле кылып жатат. Бул жерлер жең ичинен сатылып кеткен деген имиштер бар. Эми муну тиешелүү кызматтар изилдеп, чара көрөт деп ишенебиз. Ал эми жергиликтүү тургундар бийликтен үмүт артып турушат.
Ал эми Жеңиш Разаков губернатор болуп турганда көп маселелер туура эмес жакка чечилген. Ошондой эле, анын убагында Көк-Таш айылында дагы ызы-чуу иштер болуп кетти. Биздин байкообузга караганда Жеңиш Разаков кылган иштери Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эмес. Тажик тарапка кызмат кылганын эл айтып жүрөт. Себеби, ал карапайым элге кысым көргөзгөн. Бир канча жарандар ачык айтып, камалып калышкан.
Кээ бирөөнүн айтымында, чек ара маселесин жергиликтүү чиновниктер саясатташтырып алган экен. Мамлекеттик кызматтагы адамдардын чектеш аймактардагы жерлерди саткан учурлары да болгон. Аны тийешелүү органдар териштириш керек. Тажик тарап ар түрдүү методдор менен улам бери көздөй жылып келе жатканы жөнүндө да айтылып жатат. Бул тажиктердин методу. Алар СССРдин убагында эле ушундай эле. Дайыма эле чыр чыкканда эки тараптуу сүйлөшүү жүрөт. Бирок, иш андан ары жылбайт. Анын себеби, биздин жетекчилердин пара алгандыгы, тажиктердин «ышпыйонуна» айланганы.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара сызыгы 970 чакырымдай түзсө, анын 60 пайызы такталып, калган бөлүгү шартуу чек ара боюнча турат. Такталбаган тилкелер боюнча талаш-тартыш көп чыгып, жаңжалга айланып кеткен учурлар тез-тез катталат. Мезгил-мезгили менен чек арадагы Ак-Сай айылында, Миң-Өрүк аймагында жердин айынан талаш жаралып, жергиликтүү тургундар маселенин чечилишин тездетип берүү талабы менен облус борборуна барышкан.
Баткен районунун территориясында тажиктердин үч чоң айылдары: Ворух, Мачаи, Көк-Таш бар. Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында тажик тараптагылар бак тигип, үй салып жаткандары айтылууда. Жалпысынан кошуна жак биротоло отурукташып алган айылдар бар. Чыр окуя болсо Көк-Таш айылы менен Төрт-Күл суу сактагычынын аралыгындагы Баткен-Лейлек (Исфана) жолунун жанындагы кыргыздын жерлерин тажиктер өздөштүрүп жатканына байланыштуу чыгып кеткен.
Самаркандек айылындагы чек арада Тажикстан жарандары көпүрө курууга аракет кылып, 12 даана атайын даярдалган бетондорду түшүрүп, казуу иштерин баштаган. Бул окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүп, курулуш иши башталган аймак Кыргызстанга таандык экени такталгандан кийин тажикстандыктар шаймандарын жана бетондорун алып чыгып кетишти, казылган жай калыбына келтирилген.
Баткендеги Паскы-Арык айылындагы Уч деп аталган жериндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган аймагында Тажикстандын жарандарынын көчөт отургузуу аракети токтотулган. Быйыл кышында кыргыз чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерден курулуш иштерин жүргүзүү аракетине бөгөт коюшкан. Кыргызстандын Миң-Өрүк жеринде жана Тажикстандын Сурхта отуз чактыдай эки өлкөнүн тең жарандары топтолушкан. Кыргыз жарандары дагы шарттуу чек ара сызыгына жакын жерге көчөт отургузууга аракет кылышкан. Эки тараптын чек ара бекетинин, айыл аймактарынын башчылары жолугуп, кыргыз тарап такталбаган аймактарда ар кандай чарбалык иштерди токтотуу талабын коюшкан. Чыр-чатактын алдын алуу үчүн эки тарап тең курулуш иштерин токтотуп, Тажикстандын жарандары пайдубал курулуштарын алып салуу чечими кабыл алынган.
Баткен облусунун губернаторуна министрлик, мүмкүн вице-премьер-министрлик статус берип койсо, ошол жерде өз алдынча чечим кабыл алып, бизди курчап турган Тажикстандын, Өзбекстандын өкүлчүлүктөрү менен тең ата сүйлөшүп иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Же болбосо Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү деген кызматты жоюп туруп, ошол жерде Баткен облусунун акими-губернатору деген наам берсе, абдан туура болот. Ушундай эле статусту, ушундай эле ыйгарым укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине, мамлекеттик коопсуздук комитетинин жетекчилигине, чек ара кызматынын жетекчилигине бериши керек. Ошондо жеринде өз алдынча иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алышат.
Өзгөчө макам берүү аркылуу системдүү өнүктүрүү иштери жасалышы керек. Көбүрөөк акча бөлүү; күч түзүмдөрүн облус жетекчилигине баш ийдирүү; кадрларды өздөрү чече турган укук берүү сыяктуу. Эгерде жергиликтүү бийлик ошол жердеги башаламандыкты чечем десе, анда ал жерге акча бериши керек; экинчиден, кадрды чечкенге мүмкүнчүлүк бериши керек; үчүнчүдөн, губернаторго күч структураларын координациялоо функциясын бериши керек. Ошол жердеги күч структурасы губернаторго, райондук структуралар акимге баш ийсе жакшы болот. Жергиликтүү бийлик кандайдыр бир программа түзүшү керек. Ошого бюджеттен акча бөлүнүп берилиши керек. Мисалы, социалдык-экономикалык маселелер боюнча атайын программа болушу керек. Губернатордун илгеркидей өзү бөлүштүрө турган фонду болушу керек. Себеби жардамга муктаж болуп жаткандарга же болбосо кичине акча кошсо, жылып кете турган иштерге таасир эте турган фонд болушу керек. Кадрдык жагын ала турган болсок, жергиликтүү бийлик, министрликтер жана башка структуралар бири-бири менен такыр байланышы жок болуп калган. Ошондуктан маанилүү структуралар болгон ИИМ, Улуттук коопсуздук жана башка ушул сыяктуу кадрларды дайындоодо жергиликтүү бийлик менен сөзсүз түрдө макулдашуу керек.
Баткен облусун 2035-жылга чейин системдүү өнүктүрүү программасы даяр экенин, болгону аны ишке ашыруу керек. Баткен облусуна өзгөчө макам берүүдө ар бир аймактын өзгөчөлүгүн эске алып, мыкты адистер менен иштеп, терең ойлонуп, өзгөчө көңүл буруп, керек болсо эч кандай каржыны аябоо керек.
Баткен облусуна өзгөчө бир статус берип туруп, губернатордун рангын вице-премьердикиндей кылып көтөрсө, ага жумуштарды аткаруучу мекеме-ишканалардын баары баш ийсе, ошондо гана алдыга жылса болот. Себеп дегенде Баткенде бир гана чек ара маселеси эмес, коңшу өлкөлөр менен чогуу пайдаланган суу, жайыт жана жолдору бар. Ошондуктан жайыт, жол, сууну биргеликте чечип кетүү керек. Мына ошого байланыштуу ушуларга тиешелүү болгон ведомстволорду так чечип бүтүрүшү керек. Мындан сырткары коңшулар менен чектеш аймакта ачык бош талааларыбыз абдан көп. Ошол бош талааларды иштетпесек, коңшулардын кызыгуусу көп болот. Бош жерлерге мамлекеттик ишканаларды куруп, же жеке ишкерлерге арзандатылган же бекер суддалардан берип, курулуштарды куруп, бош жерлерди өзүбүз ээлеп калышыбыз керек. Эгерде Баткенге өзгөчө статус берип көңүл бурбасак, анда болбойт. Бизде чек араны Баткендин гана чек арасы катары баалап келет, ал — Баткендин эле эмес, Кыргызстандын чек арасы. Баткендин тоолорунда алтын бар, алюминий дагы бар, көмүр, сымап жана мрамор чыгат. Ошондуктан Баткенден эч нерсени аябоо керек, себеби, биринчи өлкөнүн чек арасы бекем болуп, өлкө бүтүн болушу керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg