www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жүк алып кирүүгө аракет калган жаран кармалганын УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 21-апрелде, кабарлады. Маалыматка караганда, аткезчилик менен кармалган Кыргызстандын жараны алгач чек арачылардын токтотуу аракетине баш ийбей, качып жөнөгөндө эскертүү үчүн асманга ок атылган. Андан кийин автоунаанын дөңгөлөктөрүнө ок атылып, токтотулган.

Текшерүү учурунда бир жарым тонна жаңгак, нават, суусундук жана кыям табылып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын 24-мартта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айткан.

Март айынын соңунда кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салган. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган. Министрлер кабинетинин токтому менен алты айга Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама уругу жана жумуртканы экспорттоого чектөө киргизилди.

УКМКнын Чек ара кызматынын эсебинде, 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан. Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан.

Последние новости