www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте базарлардын биринен адамды күч менен унаага салып кеткенге шектүүлөрдүн бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында болжол менен базарлардын биринде ак түстөгү унаа менен үч белгисиз адам азиат улутундагы адамдын денесине залал келтирип, күч менен унаага салып белгисиз жакка алып кеткен видео социалдык тармактарда жана маалыматтык агенттиктерде тараган.

Буга байланыштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жабырлануучунун, шектүүлөрдүн аты-жөнүн, окуянын жагдайын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштерин алып барышкан.

Белгиленген маалыматтар боюнча укук бузуу борбор калаанын базарларынын биринде болгон.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-бөлүмүнүн 2-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышты жасашкан шектүүлөрдүн бири - 1985-жылы Жалал-Абад облусунда туулган, мурда бир нече жолу соттолгон жаран С.А. кармалган. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда мындан аркы ыкчам издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары ишке ашырылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости