www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү белгилүү болгондой, Орозо-айт быйыл 2-май күнү белгиленет экен. Ал тууралуу Борбор Азиянын диний аалымдары бир-бири менен сүйлөшүп, макулдашыптыр, бирок Кыргызстандын муфтияты – бул күн дагы такталат дейт, анткени ал Айдын жаңырганы менен байланыштуу.

Демейде муфтияттын өкүлдөрү айдын жаңырганын тоого чыгып алып карайт, ан үчүн көрөгөч жигитке тапшырма берилет, бирок күн бүркөк болсо, айдын канчада жаңырганын так айтуу кыйын.

Аксак Темирдин улуу небереси Улугбек Самарканды башкарган жана исламга берилген адам болгон. Аны менен катар Улугбектин окумуштуулук даңкы дагы дүйнөгө тараган.

Улугбек XV-кылымда эле Айдын жаңыруу убактысын бир нече жүз жыл алдыга санап чыккан. Улугбектин ошол жылнаамасын караса эле жетиштүү. Андан тышкары, дүкөндө сатылган кадимки календарда деле Күн менен Ай канчада чыкканы мүнөтүнө чейин так жазылат. Биз болсо XXI-кылымда Айдын жаңырган-жаңырбаганын тоого чыгып караш керекпиз.

Последние новости