www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Wall Street Journal: Орусия суверендүү дефолтко жакындоодо

Шаршемби күнү Москва доллар менен алынган баалуу кагаздар боюнча пайыздарды рубль менен төлөөнү сунуштап, мамлекеттик карызы боюнча милдеттенмелерин аткарбаганы айтылгандан кийин Орусиянын суверендүү дефолтко кептелүү ыктымалдыгы жогорулады. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды.

6-апрелде JPMorgan америкалык банкы орус баалуу кагаздарынын ээлерине Орусиянын Борбордук банкынын камакка алынган эсептеринен 649 миллион доллар которуудан баш тарткандан кийин Москва мамлекеттик карызын рубль менен берген. Эгер Орусия бул сумманы жеңилдетилген мөөнөт деп аталган 4-майга чейин доллар менен төлөбөсө, формалдуу түрдө дефолтко кептелет. Москва тейлөөдөн баш тартып жаткан карыздын көлөмү 6 миллиард доллар.

Орусиянын Каржы министрлиги карыздар боюнча пайыздарды рубль менен төлөөгө аракет кылып, милдеттенмелерин аткарганын билдирүүдө.

Дефолт болуп кетсе, Орусиянын мамлекеттик баалуу кагаздарынын ээлерин коргой турган камсыздандыруу инструменттерди сатып алып жаткан инвесторлор дефолт ыктымалдыгын 93% деп баалап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости