www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы санкциялар Москваны АКШ өзүнө багынта албай айласы куруп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу Орусиянын Вашингтондогу элчилиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү АКШ Орусиянын 635 жараны үчүн визалык чектөө киргизди. Алар Украинанын бүтүндүгүнө кооптуулук жаратууга, Донбасстагы абактарда адам укуктарын бузууга айыпталууда.
"Ойдон чыгарылган жана негизсиз айыптоолор санкциялардын баркын кетирип, Вашингтон Москваны өзүнө багынта албай айласы куруп жатканынан кабар берет. Башкаруучулар Орусияга каршы санкциялар өздөрүн жабыркатып жатканына көңүл буруп коюшса болмок", — деп айтылат элчиликтин Telegram каналында.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Орусияга каршы санкциялык басымын күчөттү. Чектөө чаралары өзгөчө банк сектору менен жогорку технологиялык продукциялардын жеткирилишине багытталган.
Европада Москванын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп жатат. Мунун баары АКШ менен Евробиримдикке экономикалык көйгөйлөрдү жаратты.
Себеби күйүүчү май менен азык-түлүк продукциясы кескин кымбаттап кетти. Кремль санкцияларды экономикалык согуш деп сыпаттап, окуянын мындай өнүгүшүнө даяр болгонун белгиледи.
Булак: NazarNews.kg