www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто мектептерге 12 жылдык окутуу системасын киргизүү сунушу коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул маселенин тегерегинде мурдагы билим берүү министри Каныбек Осмоналиев менен маектештик.

– Каныбек агай, мурдагы билим берүү жана илим министри, илимпоз жана ЖК депутаты катары тиешелүү комитетти башкаргандыктан, өлкөбүздүн билим берүү тармагын Сизден жакшы билген адис болбосо керек. Жакында жаңы министр А. Бейшеналиев орто мектептерде 12 жылдык окутууну киргизүүнү сунуш кылды. Анын канчалык зарылчылыгы бар же азыркы 11 жылдык окуу азбы?

- Мектептерде 12 жылдык окутууну азырынча карабай турууну сунуш кылаар элем. Себептери көп. Эң башкысы, азыр биздин орто мектептердеги абал өтө эле кейиштүү. Окуу куралдары жетишсиз жана азыркы талаптарга жооп берүүдөн абдан эле алыс. Окуу китептери катастрофалык жагдайда жетишсиз. Алардын мазмуундары туура эмес түзүлгөн. Айрыкча так жана табигый илимдер боюнча. Өз убагында бизди чыркыратып турушуп физиканы, математиканы, химияны жана биологияны чукулунан кыскартып жиберишкен. Натыйжада, бул жаатта кризистик абал түзүлдү.

Окуучуларыбыз сабатсыз болуп чыга келишти. Келечекте инженер, технолог же чыныгы окумуштуу болом деген балдардын аягы үзүлүп бара жатат. ЖРТ деген балакет убагында дурус антикоррупциялык долбоор катары киргизилгени менен жыл өткөн сайын сенек абалга кептелип, азыр окутуунун сапатын бузган антикоомдук куралга айланып отурат. Аны америкалыктардын бир жеке менчик фирмасы ээлеп алган. Билген намазын окуп жүрөт.

Окуучунун бүтүрүү аттестаты эч кимге кереги жок кагазга айланып калган. Мектептерибиздин материалдык-техникалык базасы нөл! Мугалимдердин билимин тынбай өркүндөтүп туруу институттарын эбак эле жоюп койгонбуз. Ата-эне баласынын ийгиликтүү окуп кетишине кол кабыш кылуусу мектеп фонддоруна акча жыйноо менен гана чектелип келет. Азыркы мектептерди ата-энелердин ошондой фонддору гана сактап турат.  Келгиле, адегенде ушул кемчиликтерди жоёлу? Анан 12 жылдык окутууга өтөлү!

Ал үчүн канча убакыт өтөт. Өзүбүздүн аракетибизден гана көз каранды! Балким ондогон жылдар кетээр? Бир партада 3-4 бала отурса, ортодо бир китеп болсо, анысы дагы эски, тамтыгы чыккан, мазмуну тайкы болсо, кайдагы сапат? Кайдагы 12 жыл? Азыр бир эле бизде, Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө саясий жана экономикалык кырдаал өтө оор абалга кептелип отурат. Азырынча себеби, Россия-НАТО каршылаштыктары жана "Covid-19" пандемиясы. Мындан ары дагы күчөйт деген пикирлер арбын. Аны баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Кризис оор жана узак болчудай. Натыйжада, акыркы 20-30 жылдан бери оолугуп көтөрүлүп отурган ааламдашуу процесси ойрон боло баштады. Европа менен АКШнын өзү "мышык ыйлай" турган ахыбалга кептелип бара жатат! Анан кайдагы алардын эталону? Бул биринчи кезекте, билим берүү системасына тиешелүү. Ошондуктан, баардык өлкөлөр улуттук билим берүү системасына ыктай башташты. Ооба эл аралык стандарттын эпкин кете элек, ал турсун мен анын күчөшүн каалар элем. Бирок, кечирип койгула, ага чейин көп жабыр тартчудайбыз. Анан эле "локомотвдин алдына түшүп алып чуркай баштаганыбыз" бери эле дегенде жеңил ойлуулук.  Демек, бул демилгенин эч кандай пайдасы жок! Баарын эле колго тийе турган грант-кредиттер менен өлчөй бербейличи? Тараза ташында  балдарыбыздын, небере-чөбөрөлөрүбүздүн, демек өлкөбүздүн келечеги турат!

– Эгер министрдин ушул сунушу кабыл алынып калса, анда анын кандай артыкчылыгы же кемчилиги болот? Кемчилиги дегеним, окуучулар менен мугалимдерге жана бюджетке оорчулугу тийбейби?

- Мен бул демилгенин эч кандай артыкчылыктарын көрбөй эле турам. Ал эми кемчиликтери болсо толтура. Алардын кээ бир өтө оорлорун жогоруда санадым. Мындан сырткары, "нулевой" классты 1-класс кылып эсептей беребиз дешет. Ал класс качан кирди эле? Алгачкы ирет 120 саат, 240 саат, анан гана 480 саат деп 6 жашар балдардын бала-бакчага бара албай калгандары үчүн гана киргизилип жүргөн эле го? Анан дагы окуу куралдары азыркыга чейин түзүктөп түзүлө элек!

Депутат кездебир мектепке барып көрүп, 6 жашар балага 2-4 жаштагы баланын оюнчуктарын коюп коюшкандарын көрүп оозум ачылган болчу. Мына сага көз боёмочулук! Азыр ал шарттын жакшырып кеткенине деги эле ишенбейм. Менимче ошондогу оюнчуктардын өздөрү деле же эскирип жежок болуп кетсе керек! Кимди алдап жатабыз. Менимче, ачык мониторинг жүргүзүү керек. Бир ой мени эзип жүрөт. Министрлик эч ким менен кеңешпей эле 12 жылдык окутуу чечиминкабыл алып койгондон сообу, деги? Андай болсо, элге чыгуунун эмне кереги бар? Менимче ЖКнын профилдик Комитети бул маселени чукулунан кароого алып чыгууга милдеттүү. Болбосо чоң жаңжал чыкчудай! Президент менен Кабмин ыңгайсыз абалга калганы турат! Бюджет 12 жылдыкты көтөрө албайт!

– Ошол эле учурда мектепте айрым предметтер ашыкча экендиги да айтылып жүрөт. Мындай пикирлерге оюңуз кандай?

Мектепке керексиз предметтер толтура. Министр мырза саясий эрктүүлүктү көрсөтүп, алардын тизмесин калың элге түшүнүктүү форматта жарыялап койсо туура болоор эле. Калыс жана адилет талкуу болмок. Андай болбосо, өздөрү каалагандай кыскартуулар башталат дагы, лоббисттердин күнү тууп, предметтерди "көк-бөрү" тартып кетишет! Анан, эреже катары, фундаменталдык илимдер кыскарып, "аны таануу, муну таануу" сыяктуу псевдоо предметтер тыгылып алат. Мен буга бөркүмдөй эле ишенип турам!

– Бизде мектептерде менимче дале болсо советтик билим берүү системасы менен окутулат. Балким, бул жагдайды да кайра карап чыгуу зарылдыр?

Советтик билим берүү системасы дүйнөдөгү эң алдыңкы жана эффективдүү система болгон. Муну ушул күндөрү Батыш Европанын ири өлкөлөрү дагы тааный башташты. Кээ бир предметтер боюнча, мисалы, физика менен математиканы советтик система менен окутуп киришти. Мисалы, англичандар, немецтер жана француздар. Азыр Россияда 10 жылдык билим берүү демилгеси дагы жандана баштады, Иши кылса биз ары-бери кайсактабай, оор басырыктуу болуп турганыбыз оң. Мектеп оюнчук же дилетанттардын кычышкан жерлерин кандыра турган жай эмес. Грант менен кредиттерге азгырылып өлмөй болушту! Мектеп - бул өлкөнүн келечеги! ЖОЖдор болсо эчак эле коммерциялык фирмаларга айланып кетишкен. Ал жөнүндө өзүнчө жана катуу сөз кылбасак болбойт!

Маектешкен Эмилбек Момунов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости