www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов аптанын башында башкармалыктын өздүк курамы менен саптык тизилүү өткөрдү. Саптык тизилүүдө өздүк курамга жарандар менен иш алып барууда мыйзамдуулуктун так сакталышын талап кылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Андан соң, Башкармалыктын кызмат жана бөлүм башчылары , район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Жыйында Баткен ОИИБдин башчысы бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине кайрылып, өздүк курам арасында кызматтык тартипти бекем сактоо, кызматтык милдеттерди мыйзамдуулуктун негизинде так жана жоопкерчиликтүү аткаруу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле кызмат өтөө учурунда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жарандардын укук-мүдөөсүн коргоо багытында ишти күчөтүү боюнча катуу талаптар коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө Улан Жукенов жетекчилерге кызматтык тартипти көзөмөлдөө, тартип бузууларды алдын алуу жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы жеке көзөмөлүндө болорун эскертти. Ал эми жарандар менен иш алып барууда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз алып баруу, элге сапаттуу сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү, жол коопсуздугун болтурбоо максатында ар бир аймактарда бөлүнгөн кызматкерлер натыйжалуу иш алып барышы боюнча жеткиликтүү тапшырмаларды койду.

 

Последние новости