www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Bloomberg агенттиги Евробиримдик тарабынан Кыргызстанга Россияга жардам көрсөткөнү үчүн санкция салуу мүмкүнчүлүгүн каралып жатканын жазды. Маселе Украинанын аймагына кол салууга байланыштуу даярдалып жаткан 20-санкциялык пакеттин алкагында талкууланып жатканын билдирди.
Натыйжада, Кыргызстанга карата станокторду жана радиоэлектрондук жабдууларды жеткирүүгө тыюу салынышы ыктымал. Согуш башталгандан кийин Кыргызстан Европа менен Россиянын ортосунда негизги соода хабдарынын бирине айланганы айтылып келген.
Маселен, Кыргызстанда рублге байланган A7A5 стейблкоини колдонулган Grinex криптобиржасы иштей баштагандан бери анын жүгүртүүсү 2026-жылдын башына карата $100 млрдга жеткени айтылууда.