www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде 217 шайлоо участкасы ачылды

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусунунун 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого карата даярдыктары менен таанышып, эл менен жолугушту.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын жарык, жылуулук  менен камсыздоо, кошумча электр генераторлорун коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү  тапшырмаларын берди.

Мамытканов бул шайлоодо «Форма-2» ыкмасы колдонулбай турганын айтып, эл арасында өзүн-өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.

Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217 түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы  саны 297 миң 203тү  түзүүдө.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Максат Мамытканов Баткен облусунун чектеш аймактарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости