www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыкты санарип класс жетекчи тандалды

Жалал-Абад шаарында “Мыкты санарип класс жетекчи 2020” аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык жана баалуу белектер тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка шаар аймагындагы мектептердин мугалимдери катышып, №2 Кадыр Закиров атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими, 32 жаштагы Наргиза Нишанова биринчи орунга ээ болду.

Сыйлыкты шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости