www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда 8-декабрда коронавирус жугузгандар 15 миллион адамдан ашты. Жон Хопкинс университетинин саны боюнча, соңку күндөрү үч штатта вирус жуккандар рекорддук деңгээлде көбөйдү.

Кошмо Штаттардын саламаттык сактоо тармагынын жетекчилиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал оңой эмес болорун эскертүүдө. Ошентсе да дары-дармекти тескөө органы жакын арада «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары чогуу өндүргөн коронавируска каршы вакцинаны каттоого алышы мүмкүн экени айтылууда.

Бул маселеге арналган жыйын 10-декабрга белгиленген. Анын алдында бул вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча оң тыянакты камтыган документ жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин Британия 8-декабрдан тартып СOVID-19га каршы «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары өндүргөн вакцинаны колдонуп, жапырт эмдөөнү баштады. Эмдөө алгач 80 жаштан жогору кары-картаңдарга, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге жүргүзүлүп жатат.

АКШ да вируска каршы эмдөөнү болушунча тезинен баштоого аракет кылууда. Бул өлкөдө суткасына орточо эсеп менен эки миңдей адам каза болуп, ооруканаларга бейтаптар батпай жатат.

Соңку маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясын дүйнө жүзүндө 68 миллиондон ашык адам жугузуп, анын кесепетинен 1,5 миллиондон ашуун киши каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости