www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министр Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборунун ишин көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункттун иши менен таанышты. 

«Электр станциялары» ААКнун башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматы боюнча, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө. Отун 2021-жылдын апрель айына чейин тынымсыз келип турат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар. 

Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Бактыбек Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек.

«Калкты кышында жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Биз Бишкек шаарындагы турак жайлардын 80% жылуулук менен камсыз кылган ЖЭБдин иштөөсүн, кышкы максималдуу жүктөмүн, отундун корун жана көйгөйлүү маселелерин жеринен көрүү максатында келдик. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга өзгөчө маани берүү керек. Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат», - деп белгиледи Бактыбек Аманбаев. 

Ошондой эле Өкмөт Аппаратынын Жетекчиси Бишкек жылуулук электр борборунун жетекчиси Андрей Воропаев менен ТЭЦтин көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүүнүн жолу боюнча сүйлөштү. 

Бишкек ЖЭБинин директору жылуулук борборун модернизациялоонун алкагында эски станциядан демонтаждалган металлдарды ЖЭБдин аймагынан ташып чыгаруу маселесине жардам берүүнү өтүндү.  

«Мурдагы эски станциянын демонтаждалган металлдары 3 жылдан ашык убакыттан бери ТЭЦтин аймагында экен. Анын көлөмү 14 миң тоннага жакын. Бул өз кезегинде ЖЭБдеги энергетиктердин ишине тоскоолдук жаратып жатат. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар металлдарды жылуулук борборунун аймагынан ташып чыгарууну шарттаган Өкмөттүн токтом долбоорун даярдоого тийиш», - деди Бактыбек Аманбаев. 

Эскерте кетүүчү жагдай, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект. Бишкек ЖЭБи борбор калааны ысык суу жана жылуулук менен гана камсыздабастан, кышкы максималдуу жүктөм учурунда күнүнө 7-8 миллион кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости