www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-декабрда экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында сурак берип жатат. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, САрпашев суракка саат 15:50гө чакырылган.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 30-ноябрда да Финполицияга чакырылып, сурак берген. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы КРнын мурунку вице-премьер-министри Сарпашевге байланыштуу мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталгандыгын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Сарпашев мамлекеттик кызматта жетекчи кызматтарды ээлеп турганда, ал көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, кийин аны жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгон.

Эске салсак, мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т.Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости