www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде бажычылар кагаз түрмөктөрүн аткезчилик жолу менен алып өтүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда Mercedes-Benz 95403 үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүүгө алышкан.

Унаанын жүк бөлүгүндө Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан ProFpack маркасы коюлган кагаз түрмөктөрү табылган.

Жүктүн жалпы салмагы 21 миң 824 кг түзүп, ЕАЭБ аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк документтери жок болгон.

Учурда иштин материалдары "Баткен" бажысында каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости