www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Орусиянын Украинага кол салуу планы жок экенин көрсөтүү үчүн Украина чек арасынан бардык аскерлерин чыгарып кетиши керектигин баса белгилеп, Орусия-Украина чек арасындагы акыркы абалды “дүйнө үчүн өтө кооптуу учур” деп мүнөздөдү.

Машыгуулардын алкагында миссияларын аяктаган кээ бир аскердик бөлүктөрүнүн базаларына кайта баштаганы тууралуу Орусиянын билдирүүсүнө байланыштуу Трасс, мунун маанилүү таасирлери бар-жоктугун түшүнүү үчүн дагы тереңирээк көрүү керектигин айтты.

"Орустар кол салуу пландары жок деп ырасташты, бирок мунун чын экенин көрсөтүү үчүн алардын аскерлеринин толугу менен чыгарылышын көрүшүбүз керек" - деди министр Трасс.

"Украинанын эгемендигине, Украинанын НАТОго кирүү же кирбөө чечиминде компромисске барбоо абдан маанилүү", - деди Трасс Орусиянын айрым аскерлер базаларына кайтып келгени тууралуу билдирүүсүнөн мурда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости