www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Баткенде тажиктер окоп казып жатат

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап казып жаткан окоптор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул маалыматты президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Бирдирүүгө ылайык, чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон. Кырдаалды талкуулоо максатында бүгүн, 12-август күнү, облустагы өкүлчүлүктө күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду. Анда чек арада болуп жаткан кырдаал талкууланып, тапшырмалар коюлду. Бул боюнча учурда Тажикстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

"Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги менен жакынкы күндөрдө жолугушуу болуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда 11-август күнү болгон окуя иликтенип жатат. Анда Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын терезесине ок атуу болгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Баткендин Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагында Баткен районунун акими, тиешелүү укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жолугат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости