www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө коронавирус менен күрөшүүдө эмдөө иштерин улантууда, Германиядагы чатак күн тартибин солкулдатты. Өлкөнүн түндүгүндөгү эмдөө борборунда иштеген медайым коронавирустук вакцинанын ордуна 8,600 кишиге, негизинен улгайган адамдарга туздуу сууну колдонгону белгилүү болду. Аталган окуядан кийин миңдеген адамдарды кайра вакцинациялоого үндөштү.
NTV телеканалындагы кабарга караганда, жергиликтүү кеңештин депутаты Свен Амбрози: "Бул окуя бизди толугу менен таң калтырды", - деди 8600 тургунду чакыргандан кийин. Март жана апрель айларында, шектүү кырдаал болгондо, Германияда эмделген адамдардын көбү улгайган жана коронавируска алсыз болушкан. Пресс-конференцияда полициянын инспектору Питер Бир, бул боюнча өз сөзүндө "акылга сыярлык коркунуч" – деп билдирген.
Медайымдын максаты эмнеде?
Аты аталбаган медайымдын максаты аныкталбаган, бирок ал социалдык медиадагы билдирүүлөрүндө вакциналар тууралуу өзүнүн күмөндүү пикирин билдирген. Саясий буюртма кылмыштарды иликтөөчү атайын бөлүккө берилген бул иште коюлган айыптар тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Медайым камакка алынганбы же жокпу, бул тууралуу да эч кандай маалымат берилген жок.
Белгилей кетсек, 83 миллион калкы бар Германияда 95,3 миллион доза вакцина колдонулуп, калктын 55,2 пайызы толугу менен эмделген.
Булак: NazarNews.kg