www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөн Чотонов:

Арзан пиардын арты жакшы бүтпөйт. Мындай пикирди саясатчы Дүйшөн Чотонов айрым маалымат булактарына билдирген. 

--"Баарыбызга белгилүү, жакында Россияда шайлоолор болот. Шайлоо алдында Кыргызстанда болгон, кыргыз жарандарынын ортосунда болгон бул окуяны мамлекеттик, эл аралык деңгээлге көтөрүп чыгуу жеткен жоопкерсиздик. Мындай арзан пиардын арты жакшы бүтпөйт.

Россияда Кыргызстандын жүздөгөн жарандарын өлүп калып жатышат. Ошонун ичинде улутчулдар тарабынан кыргыз болгону үчүн, өңү-түсү башка болгону үчүн өлтүрүлүп жаткандары жок эмес. Анда биз да ар бир өлтүрүү үчүн Россия элчилигинин алдына чыгып, же саясатчылар катуу билдирүү кылбай келе жатканыбыз үчүн өзүбүздү күнөөлүү сезишибиз керектир?! Демек, биз да ошондой кылышыбыз керекпи?", - дейт Чотонов. 

Кошумчалай кетсек, Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг өткөргөн.

Ал митинг Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу каршылык акциясы катары уюштурган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости