www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенге кайрадан чектөө киргизилди

Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыктан облустук штабдын чечими менен дагы бир нече чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, аталган аймакта төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

1. 28-сентябрдан тарта облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулду;

2. мал базарлардын иши убактылуу токтотулду;

3. мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду, күндөлүк беш убак жана жума намаздарын үй шартында окуу сунушталат;

4. облуска катуу көзөмөлдөгү бет кап режими киргизилди;

5. Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан жана Тажикстандын жарандарын акыркы үч күндө алынган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен киргизүү чечими кабыл алынды;

6. базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү тапшырылды. Ал эми баш ийбегендерге чара көрүүнү район жана шаар башчыларына милдеттендирилди;

7. шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө, партиялардын санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоону көзөмөлдү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырмасы берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости