www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коён жүрөк, бакыраң көз бир саясатчы бар, аты-жөнү Өмүрбек Бабанов. Кызыгы бул 25 суроонун ээси саясатка аралашпаймын деп Кыргызстандан кылтыңдап чыгып кеткен.
Кечээ кайрадан саясатта пайда болуп, өзүнүн “маазинин” жанында пандемиядан каза болгондорду кагаздан окуп эскерип, өкүрүмүш болуп жатат.
Ток этээрин тоңкулдак айтсын дегендей Өмүрбек Токтогуловичке эмне жок. А баса, Өмүке бул жолку парламенттик шайлоого карата партиялаштарына сары чака бөлбөгөн имиш. Анткени, президенттикке аттанамын деп жакын санаалаштарына кептин башын кылтыйткан. Өмүштүн өлүмүш бул кылыгы социалдык тармактарда каттуу талкууга алынды.
--Өлкөдөгү саясий кырдаалды байкап, бийликтин чама чаркын анализдеп, Өмүрбек Бабанов бар экенин билгизип, саясатка кайрадан баш бакты...
Кыйын кырдаалда куйругун кыпчып, караанын көргөзбөй жылт коёт. Анан күндүн көзү көрүнгөндө, жердин жаракасынан чыга калгандай пайда болот.
Ушундан улам, Бабановду коомчулук мамлекеттик ишмер эмес, жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн соодагер саясатчы катары билишет, - дейт журналист Алмаз Темирбек.
Булак: NazarNews.kg