www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустук эпидемия башталгандан бери медициналык мекемелердин сегиз жетекчиси кызматтан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, дагы сегиз жетекчи катуу сөгүш алды. Алар жумуштагы кемчиликтер жана медициналык мекемелердеги ишти начар уюштургандыгы үчүн жазаланды.

«Кемчиликтер ачыкка чыгып, административдик чаралар көрүлүшү керек. Эпидемия учурунда кадрдык өзгөрүүлөр сөзсүз жараян болуп калды», – деп баса белгиледи Нурболот Үсөнбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости