www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына учуп кетти. Иш сапардын алкагында Сочи шаарында президент Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Анда эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

– Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

– Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Сооронбай Жээнбеков Россиядагы иш сапары жыйынтыкталгандан кийин расмий визит менен Венгрияга барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости