www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп алуу үчүн коронавирус жуктургандардын саны атайылап азайтылып айтылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Белгилей кетсек, соцтармактын колдонуучулары шайлоого карата элди дүрбөлөңгө салбаш үчүн илдет боюнча статистика азайтылып көрсөтүлүп жатышы мүмкүндүгүн болжошууда.

Бул боюнча Үсөнбаев саламаттык сактоо тармагынын шайлоого эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

"Статистика төмөндөгөн жок. Керебеттер толуп эле калып жатат. Июлда ооругандардын саны абдан көбөйгөн, кийин кайра түштү. Бул кадыресе процесс. Учурда COVID жуктургандар кайра көбөйө баштаганын байкап жатабыз. Бул көрүнүштүн шайлоого эч кандай тиешеси жок", — деди Үсөнбаев.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин шайлоосу 4-октябрда өтөт. Акыркы кезде илдетке кабылгандардын саны күнүнө 100дөн түшпөй жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости